Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчылыкка дайындалышы менен куттуктады

© AFP / DMITRY ASTAKHOVПремьер-министр Узбекистана Шавкат Мирзиёев
Премьер-министр Узбекистана Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын утурумдук президенти Жээнбековдун дайындалышы эки өлкөнүн кызматташуусун арттырат деген пикирде.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев Соорнбай Жээнбековду өкмөт башчылыкка дайындалышы менен куттуктаган телеграмма жөнөткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Миризёев премьер-министрликке Жээнбековдун дайындалышы эки өлкөнүн кызматташуусун мындан ары да өнүктүрөрүнө ишеним артып, эки элдин ортосундагы мамиленин жакшы жакка өзгөрүп баратышын белгилеген.

"Эки элдин ымаласынын жылуу тартып келе жатканын делегациялардын Анжиян жана Ош шаарларына келип кетиши айгинелейт. Мындан тышкары, өзбек-кыргыз чек арасынын талаш аймактары боюнча бир пикирге келе баштоосу да чоң мааниге ээ", — деп айтылат куттуктоодо.

Эскерте кетсек, башында Сооронбай Жээнбеков турган өкмөттүн курамын жума күнү, 11-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев бекиткен.

Өкмөттүн жаңы курамын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0