Казакстанда бургер жеген 30га чукул адам ууланды

Жазылуу
Жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын бардыгы 8-ноябрда "Бургер стрит +" кафесинен тамак жешкен.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Казакстандын Уральск облусунда кафеден бургер жеген адамдар ооруканага жактырылган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттигине облустук жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси Надия Ахметова билдирген.

9-ноябрда ооруканага бирдей даттануулар менен адамдар кайрыла баштаган.

"Учурда ооруканага 27 адам жаткырылды. Алгач алар ичеги-карын жугуштуу оорулары менен жабыркаган деп божомолдогонбуз, бирок анализ тапшырган соң сальмонеллез диагнозу коюлду. Учурда жабыркагандардын абалы орто деп бааланууда. Алар ооруканада жети күндөн кем эмес жатат", — деди Ахметова.

Оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада тамактан 70ке жакын мигрант ууланып, анын төртөө КР жараны болуп чыкты
Сальмонеллез – Salmonella бактериясын чакырган курт ичеги жарасы. Бул оору кулинардык туура эмес тазалоодон улам жугат. Ооруну жакшы дарылабаса, өлүмгө алып келиши ыктымал.

Жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын бардыгы 8-ноябрда "Бургер стрит +" кафесинен тамак жешкен. Учурда кафе жабылып, полиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0