Алматыдагы ири өрттөн каза болгондор студенттер болуп чыкты

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоодон алты киши каза болгон. Алардын бешөө 20-22 жаштагы студенттер экени аныкталды.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Алматынын полициясы Almaty Towers имаратында чыккан өрттөн каза болгондордун ким экенин аныктаганын шаардык ички иштер департаменти билдирди.

Эскертсек, кырсык 6-ноябрда кечинде болгон. 25 кабаттуу эки имараттын жанындагы алты кабаттуу имараттын чатыры күйгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор ал жакта монтаж иштерин аткарып жатышкан. Өрт эки жарым саатта өчүрүлүп, тилсиз жоо 1800 чарчы метр жерге жайылган.

"Каза болгондор 1994, 1995 жана 1996-жылы туулган студенттер экени аныкталды", — деп айтылат полиция тараткан маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын ичинде өрт коопсуздугун сактоо жана башка жагдайлар да эске алынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0