Алматы аэропортунун жүргүнчүлөрү эвакуацияланды

© AFP / PATRICK BAZАлматы аэропорту. Архив
Алматы аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропортко бомба коюлганы тууралуу билдирүү 102 номерине 11.25те келип түшкөн.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Алматынын аэропортунда жардыруучу каражат бар деген анонимдүү билдирүү түшкөндүгүнө байланыштуу жүргүнчүлөр менен кызматкерлер эвакуацияланыгын тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аэропортко бомба коюлганы тууралуу билдирүү 102 номерине 11.25те келип түшкөн. 

"Аталган маалымат компетенттүү органдарга жеткирилген. Аэропорттогу жүргүнчүлөр менен кызматкерлер ошол замат эвакуацияланды", — деп белгиленет маалыматта. 

Маалымат жалган экени белгилүү болгондон кийин саат 11.49 чамасында жүргүнчүлөрдү тейлөө өз нугунда жүрө баштаган. 

Учурда укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0