Казак ырчысы Кайрат Нуртас жол кырсыгына кабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Facebook пользователя Кайрат Нуртас. Архивное фото
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Кайрат Нуртас. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырчы Казалинск шаарындагы концертине бара жатып кырсыктаган.

БИШКЕК, 31-окт.— Sputnik. Атактуу казак ырчысы Кайрат Нуртас жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, ырчы Казалинск шаарындагы концертине бара жатып кырсыктаган. 

Ырчынын апасы жана продюссери Гульзира Айдарбекова Instagram баракчасына Нуртас анча оор эмес жаракат алганын жазган. 

"Учурда баары жакшы. Бир аз жаракат алганына карабай Кайрат Нуртас концертин үзгүлтүккө учуратпастан, сахнага чыкты", — деп жазат Айдарбекова. 

Эскерте кетсек, Кайрат Нуртас Кыргызстанга жакында эле келип концерт берип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0