Террорчулар Борбор Азиядан Россияга жөнөгөн поезд жүргүнчүлөрүн азгырып келген

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВокзалдагы жүргүнчүрлөрдүн архивдик сүрөтү
Вокзалдагы жүргүнчүрлөрдүн архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылы Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Борбордук Азиядагы кесиптештери менен биргеликте 80ге чукул террордук уюмдун мүчөлөрүн кармаган.

БИШКЕК, 27-окт.— Sputnik. Борбордук Азиядан Россияга бара жаткан поезд жүргүнчүлөрүн эл аралык террордук топтор азгырып келишкен. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Евгений Сысоев билдирди.

Бейшемби күнү Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшү боюнча кызматташтыгынын төртүнчү илимий-практикалык конференциясы ачылды.

"2015-жылы террордук уюмдар Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандан Россияга бара жаткан поезддин жүргүнчүлөрүнө аскердик кызматка үгүттөшкөн. Бирок укук коргоо органдары алардын иш-аракетине бөгөт койгон", — деди Сысоев конференциянын ачылышында.

Ислам мамлекети террористтик уюмунун согушкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мосулда террорчулар 230 адамды өлүм жазасына тартты
Анын айтымында, былтыркы жылы Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Борбордук Азиядагы кесиптештери менен биргеликте аймактагы өлкөлөрдөн 80ге чукул террордук уюмдун мүчөлөрүн кармаган.

Кыргызстандын коопсуздук күчтөрү менен биргеликте 20 террорчунун иш-аракети токтотулган. Сысоев ошондой эле былтыркы жылы ШКУ өлкөлөрүнөн 500 сайт жана экстремисттик мазмунду камтыган 200 миң материал жок кылынганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0