Рахмонго эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деген статус берилди

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүТажикстандын президенти Эмомали Рахмондун архивидк сүрөтү
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун архивидк сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал президенттик тактыдан кеткенден кийин да элге кайрылуу жасап, мамлекеттик маанилүү иш-чараларга катышууга болгон укугун сактап калат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары эгемендүү Тажикстандын негиздөөчүсү деген наам бергенин Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги билдирди. 

Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: өзбек эли президенттикке Шавкат Мирзиёевди шайлап аларына үмүт артам
Айрым мыйзамдарга киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, улут лидеринин атындагы атайын фонд түзүлөт. Ошондой эле "Улут лидери" ордени менен "Улут лидери" сыйлыктары уюштурулат.

Статус Рахмонго президенттик тактыдан кеткенден кийин да элге кайрылуу жасап, мамлекеттик маанилүү иш-чараларга катышууга болгон укугун сактап калат.

Андан сырткары, аны кармоого, камакка алууга, тинтүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ага жана анын жакындарына таандык мүлккө болгон кол тийбестик сакталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0