Ташкентте ажырашкан жубайлардын сүрөтү теледен көрсөтүлмөй болду

© flickr.com / Abulic MonkeyОбручальные кольца. Архивное фото
Обручальные кольца. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө ичинен эң көп ажырашкандардын саны — Ташкент шаарында.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өзбекстандын борбор калаасында ажырашкан жубайлардын аты-жөнү эми "Вечерний Ташкент" жана "Тошкент окшоми" гезиттерине жарыялана турганы жөнүндөгү маалымат борбор калаанын тургундарын таң калтырды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин Ташкенттин акими менен Аялдар кеңешинин жыйын өтүп, анда нике жана ажырашуу маселелери талкууланган. Шаар башчысы Рахмонбек Усманов ажырашуулардын санын кыскартуу үчүн никеси бузулган жубайлардын аты-жөнүн телеканалдардан берүүнү сунуштады.

"Жубайлардын аты-жөнүн ар бир 15 күн сайын саат 23.00дөн кийин теледен жарыялап турабыз. Эгер эч кандай өзгөрүү болбосо, саат 21.00дө да беребиз. Мындан кийин да ажырашкандардын саны азайбаса сүрөтүн эфирден чыгарабыз. Ачык маалыматты жарыялап жаткан соң эч кимдин укугун бузган жокпуз", — деди аким.

Өз кезегинде Айылдык кеңештин төрайымы жубайларды биринин катышуусу жок ажыраштырып жиберген сотторду кызматтан алууну сунуштады.

Эскерте кетсек, Ташкент калаасы ажырашуунун саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0