ИӨБ Борбор Азия мамлекеттерине 6 миллиард доллар бөлөт

© AFP / MAHMUD TURKIAДедолларизация в Кыргызстане
Дедолларизация в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ташкентте 18-19-октябрда Ислам кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 43-жыйыны өттү. Анын катышуучулары Ислам өнүктүрүү банкы мындан ары дагы ислам дүйнөсүнүн жана Ислам кызматташуу уюмуна мүчө мамлекеттердин бирдиктүү өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөт.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ислам кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңеши Борбор Азия мамлекеттерине 6 миллиард доллар бөлүү программасын жактырганын аталган уюмдун башкы катчысы Ияд Амин Мадани билдиргенин Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги жазды. 

Ташкентте 18-19-октябрда Ислам кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин 43-жыйыны өттү. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, жыйынга 26 мамлекеттин тышкы иштер министрлери катышкан.

"Ислам өнүктүрүү банкынын Борбор Азия мамлекеттери үчүн программасын жактырдык. Анда жакынкы беш жылда алты миллиард доллар бөлүнөт", — деп башкы катчы брифингде билдирди.

КМШ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
КМШ өлкөлөрүнөн 200 өкүл Бишкектеги форумга чогулат
Мадани Ислам өнүктүрүү банкы мындан ары дагы ислам дүйнөсүнүн жана Ислам кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин бирдиктүү өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөт. Кийинки жыйын 2017-жылы Кот-д-Ивуарда өтөт.

Кыргызстандын атынан Ташкентте өткөн жыйынга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев башында турган делегация катышты

Ислам кызматташуу уюму социалдык, экономикалык жана саясий тармакта ислам тилектештигин көрсөтүү максатында 1969-жылы түзүлгөн. Уюмга 57 мамлекет кирет. Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) 1973-жылы декбарда уюмдун финансы министрлеринин конференциясында түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0