14:35 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
Facebook социалдык тармагынан Баян Есентаева аттуу колдонуучунун бетинен тартылып алынган кадр. Архивдик сүрөт

Баян Есентаева сотто күйөөсүн кечирип, аны эркинен ажыратпоону суранды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Азия
Кыскача шилтеме алуу
Продюсер Баян Есентаева жана анын айланасындагы окуялар (12)
26120

Өз жубайынын өмүрүнө кол салууга шектелип жаткан Бахытбек Есентаевдин иши бүгүн Талды-Коргандагы райондор аралык сотунда каралып жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Казакстандык продюсер Баян Максат кызы (Есентаева) жолдошун кечирип, аны эркинен ажыратпоону өтүнүп жатканын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Шаршемби күнү өткөн соттук отурумдун жүрүшүндө продюсер жолдошун камакка алдырууга каршы экендиги белгилүү болду. 

"Ал жолдошун кечирип ага башка жаза колдонууну суранды. Менимче Баян акылдуулук кылды", — деп журналисттерге доогердин адвокаты Марат Аскарбеков билдирди.

Жактоочу мындай чечим экөөнүн ортосунда эки бала бар болгондугуна байланыштуу болушу ыктымал экенин кыйытты. 

Белгилүү болгондой Баян Есентаева башка адвокаттардан дагы баш тарткан. 

Өз жубайынын өмүрүнө кол салууга шектелип жаткан Бахытбек Есентаевдин иши бүгүн Талдыкоргандагы райондор аралык сотунда каралып жатат. Соттук процесс жабык режимде өтүүдө. 

Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда продюсер, актриса, телеалпаруучу Баян Есентаева бычакталып ооруканага жеткирилген. 

Соттолуучуга кылмыш жаза кодексинин 24-беренеси "адам өмүрүнө кол салуу", 99-берене "адам өлтүрүү", 120-берене "зордуктоо" жана 121-берене "сексуалдык маанайдагы зомбулук" боюнча кылмыш иши козголгон

Сентябрдын акырында актриса социалдык тармактагы баракчасына фамилиясын Максат кызы деп өзгөрткөнүн жазган. 

Тема:
Продюсер Баян Есентаева жана анын айланасындагы окуялар (12)

Тема боюнча

Баян Есентаева фамилиясын алмаштырды
Баян Есентаева Индиядагы храмда ыктыярчы болуп иштеп жатат
Продюсер Баян Есентаеванын күйөөсү аны өлтүрүүгө аракет кылды деп айыпталууда
Белгилер:
кечирим, сот, Баян Есентаева

ЭҢ МААНИЛҮҮ