Өзбекстандын БШКсы милицияны коопсуздукту сактоого милдеттендирди

© AP Photo / UncreditedУзбекский полицейский автомобиль. Архивное фото
Узбекский полицейский автомобиль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдордун коопсуздугу үчүн да жооптуу.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн ички иштер министрлигине шайлоо бюллетендерин жеткирүүдө коопсуздукту сактоого милдеттендирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрга дайындалган. Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан бери аны башкарып келген Ислам Каримов 2-сентябрда каза болгондон кийин президенттин милдети өлкөнүн премьер-министри Шавкат Мирзиёевге жүктөлгөн.

Өзбекстандын желегин көтөргөн адам, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын "илбериңки" тартышы же кыргыз-өзбек мамилелериндеги жылыш
Өзбекстандын милициясы ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдордун коопсуздугу үчүн да жооптуу.

Шайлоого катыша турчу партиялар талапкерлерин 20-октябрга чейин көргөзө алат. Мыйзамга ылайык, президенттик шайлоого бир гана саясий партиялар катыша алат. 

Буга чейин өлкөнүн расмий түрдө катталган төрт партиясы жыйын өткөрүп, анда президенттик шайлоого катышуунун шарттары кабыл алынган.

Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы Шавкат Мирзиёевди көрсөтсө, "Милли тикланиш" ("Улуттук кайра жаралуу") улуттук демократиялык партиясы — парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары Сарвар Отамурадовду, Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясы — Хотамжон Кетменовду, "Адолат" ("Адилет") социалдык-демократиялык партиясы Наримон Умаровду көрсөткөн. Талапкерлер партиялардын октябрь айында боло турчу жыйынында бекитилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0