Лукашенко Ислам Каримовдун бейитине гүл койду

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБелоруссиянын президенти Александр Лукашенконун архивдик сүрөтү
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пакистандан Минкс шаарына кайткан Белоруссиянын президенти Өзбекстанга жумушучу сапары менен кайрылды. Ал жактан премьер менен жана маркум президент Каримовдун жесири менен жолукту.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Пакистанга расмий иш-сапары менен барып, күндүн экинчи жарымында Минск шаарына кайткан. Жолдон анын учагы Самарканддын аэропортуна конгонун Sputnik Белоруссия өлкө башчысынын маалымат кызматына таянуу менен билдирди. 

Аэропорттон Лукашенкону Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Шавкат Мирзиёев тосуп калды.

Лукашенко Шахи Зинда мемориалдык комплексинин жанында жайгашкан "Хазрат Хизр" көрүстөнүнө барып, Ислам Каримовдун бейитине гүл коюп, ал жакка келгендер менен бир мүнөт аны эскерди.

Похороны президента Узбекистана Ислама Каримова в Самарканде - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан барган делегация Каримовдун зыйнатында турду
Мирзиёев Белоруссиянын президентине "Хазрат Хизр" көрүстөнү менен мемориалдык комплекстин тарыхы тууралуу айтып берди. Андан кийин Лукашенко Форум сарайына барып, Өзбекстандын маркум президентине гүл чамбар коюп, Каримовдун жесири Татьяна Каримова менен жолугуп, ага көңүл айтты.

Эске салсак, Өзбестандын презденти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында каза болгон. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланган. Каримов Самарканддагы Шахи-Зинда тарыхый көрүстөнүнө коюлган.

Өзбек президентинин зыйнатына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов келген. Кыргызстан менен Казакстандан премьер-министрлер — Сооронбай Жээнбеков жана Карим Масимов (ошол учурда премьер-министр болгон) барган.

Кийин Өзбекстандын президентинин бейитине 6-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин жана 12-сентябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев барып, Каримовдун жакындарына көңүл айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0