Атамбаев тажик президенти Рахмонду 64 жашка чыгышы менен куттуктады

© Пресс-служба Президента РФ / Медиабанкка өтүүКР президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун архивдик сүрөтү
КР президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куттуктоодо мамлекет башчы тажик лидерине чын ден соолук, ишине ийгилик каалады.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын лидери Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Куттуктоодо кыргыз-тажик мамилелери өнүгүп жаткандыгы айтылат.

"Сиздин жардамыңыз менен эки өлкөнүн ортосундагы жакшы мамиле курулганы талашсыз. Мындан ары да ошол мамилелер сиздин артыңыз менен ысык бойдон сакталат деп ишенем", — деп айтылат куттуктоодо.

Эске сала кетсек, Эмомали Рахмон быйыл 64 жашка чыкты. 

Куттуктоонун соңунда мамлекет башчы Эмомали Рахмонго чың ден соолук, мамлекеттик ишине ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0