Баян Есентаеванын кызы сотто атасын коргоодон баш тартты

© Sputnikinstagram социалдык сайтынын Айсауле Есентаеванын баракчасынан тартылып алынган кадр
instagram социалдык сайтынын Айсауле Есентаеванын баракчасынан тартылып алынган кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Есентаеванын кызы бир эле учурда күбө жана коргоочу катары көрсөтмө бере албай турган болуп чыкты.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бахытбек менен Баян Есентаевдердин кызы эмне себептен атасын мындан ары коргой албай калганын айтып берди. Айсауленин Sputnik Казакстан агенттигине билдиргенине караганда ал сот ишинин жүрүшүндө күбө катары чыгат.

"Жайы менен атамдын коомдук коргоочусу болуп келдим. Бирок бир эле учурда күбө жана коргоочу болууга юридикалык жактан укугум жок болгондуктан, мындан ары атамды коргой албайм", — деп Айсауле өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты. 

Снимок с социальной сети Facebook страницы пользователя Баян Есентаевой. Известный казахстанский продюсер Баян Есентаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Баян Есентаева фамилиясын алмаштырды
Буга чейин Есентаевдин адвокаты Бекболот Жексеитов Айсауле соттук процессте атасы тарапты жактап чыга тургандыгын билдирген. Соттолуучу жыныстык кылмышка айыпталып жаткандыктан, жеке интимдик маалыматтар коомчулукка жайылып кетпеши үчүн соттук процесс жабык негизде өтөт. 

Баян Есентаева 10-июнь күнү бычакталып Талгар шаарынын ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Бахытбек Есентаев кармалган. "Ден соолукка олуттуу зыян келтиргени үчүн" деген берене кийин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен алмаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0