Өзбекстанга кайткан мигранттарды 155 миң жумушчу орун күтүп турат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВокзалдагы мигранттардын архивдик сүрөтү
Вокзалдагы мигранттардын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумуш орундарынын көбү айылдарда түзүлгөн.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Өзбекстандын парламенти өлкөдө жумушчу орундарынын абалын билүү максатында жыйын курганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Асель Даниярова - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик пенсионер кантип мугалимдерди Москвага өз эсебинен алып барып калды
Өлкөнүн эмгек министри Азиз Абдухакимов 2016-жылдын биринчи жарымында өлкөдө 462,5 миң жумушчу орун пайда болгонун айтты. Алардын көбү (305,4 миң) Өзбекстандын банктары тарабынан дыйкандарга, чакан бизнес ээлерине берилген жеңилдетилген насыядан улам пайда болгон.

Калган 157,1 миң жумушчу орун агрардык сектор, жол транспорт жана коммуникация, өнөр-жай, кызмат көрсөтүү тармактарын өнүктүрүү программаларын ишке ашыруудан улам пайда болгон.

Министр өлкөгө кайтып келген мигранттарга жумушчу орун түзүүгө өзгөчө көңүл бурулганын айтты. Алты айда алар үчүн 155,5 миң жумушчу орун түзүлгөн. Бул жумуш орундарынын 60 пайызы айыл жеринде экенин Абдухакимов баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0