Казакстандык жигит үйлөнүү той өткөрүү үчүн банкты тоноого барган

© Sputnik / Александр Гребешков / Медиабанкка өтүүҮйлөнүү той. Архивдик сүрөт
Үйлөнүү той. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйлөнүүнү чечкен жигит банктан насыя сураса бербей койгондон кийин тоноочулукка барган.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Казакстандын Рудный шаарынын тургуну үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн банкты тоноого аракет кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Ички иштер департаментине таянуу менен жазып чыкты. 

Тергөө учурунда кылмышка шектүү жаран банк той үчүн насыя бербей койгондон кийин бул кадамга баргандыгын айткан. 

Милициянын маалымдашынча, 26 жаштагы жигит банктын кассасына келип, тапанчасы менен 800 миң теңге талап кылган. Ошол маалда күзөтчү аны кармоого жетишкен.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0