Өзбекстан бир да аскердик блокко кошулбаган саясатын улантат

© REUTERS / EDUARDO MUNOZӨзбекстандын ТИМ жетекчиси Абдулазиз Камилов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында сүйлөө учурунда
Өзбекстандын ТИМ жетекчиси Абдулазиз Камилов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында сүйлөө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан буга чейин аймагына башка мамлекеттердин аскердик базаларын жайгаштырууга жол берген эмес. Мындан ары да ушул саясатын уланта бермекчи.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Өзбекстан буга чейинки эч бир аскердик блокко кошулбаган саясатын улантат. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМ жетекчиси Абдулазиз Камилов БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясында сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазып чыкты. 

"Өзбекстан эч кандай аскердик блокко кошулбайт жана аймагына башка мамлекеттердин аскердик базаларын жайгаштырууга жол бербейт", — деди Камилов.

ТИМ жетекчиси өлкө эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн бардык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердеги милдеттерин аткара бермекчи.

Камилов Башкы катчы Пан Ги Мунга, башка өлкө жетекчилерине Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу айткан колдоо сөздөрүнө ыраазычылык билдирди.

"Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов БУУнун трибунасынан бир нече ирет чыгып сүйлөп жана анын демилгелери эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болчу", — деди Өзбекстандын ТИМ жетекчиси.

Эскерте кетсек, Каримов 78 жаш курагында 2-сентябрь күнү дүйнө салган. Учурда Өзбекстанды премьер-министр Шавкат Мирзиёев башкарууда. Ал эми президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0