Алматы шаарынын 1000 жылдыгы белгиленди

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлматы. Архив
Алматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Казакстандын Астанага чейинки борбор калаасынын мааракеси өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен дал келишин баса белгиледи.

Бишкек, 19-сен. – Sputnik. Казак президенти Нурсултан Назарбаев элин Алматынын 1000 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты. 

Мааракеге шаардын 7000 тургуну жана калаанын коноктору катышты.

Алматынын туулган күнү жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалат.

"1929-жылы шаар Казакстандын борбору болуп, мегаполиске айланды. Эгемендүү өлкөнүн борбору аталуу бактысы буюрду. Калаанын 1000 жылдыгы эгемендүү мекенибиздин 25 жылдыгы менен дал келиши абдан кубандырат. Ушул шаарда "Казакстандын эгемендүүлүгү жөнүндө" мыйзам кабыл алынган", — деди өлкө башчысы.

Назарбаев шаарды кыдырып, "Медеу" муз айдыңын жана "Шымбулак" тоо-лыжа базасынын реконструкциясы мене таанышып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0