Өзбекстанда президентти тандоо үчүн 14 шайлоо округу ачылат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүТашкент шаары. Архив
Ташкент шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми талапкерлер 30-сентябрдан тартып, 20-октябрга чейин каттодон өтүшү керек.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Өзбекстанда президенттик шайлоо учурунда 14 шайлоо округу иштейт. Бул тууралуу РИА Новости Өзбекстандын БШКсына таянуу менен жазып чыкты.  

Президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленип, талапкерлер 30-сентябрдан тартып 20-октябрга чейин каттодон өтүшү керек. 

Эске сала кетсек, буга чейинки президент Ислам Каримов 78 жашында көз жумуп, такты бош калган. Ал эми өлкө башчылыктын милдетин убактылуу Шавкат Мирзиеев аркалоодо. Ал буга чейин өкмөттү жетектеп келген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0