Казакстанда жардырууну даярдоого шектелген сегиз адам кармалды

© REUTERS / Shamil ZhumatovКазакстандын полиция кызматкери. Архив
Казакстандын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар теракт жасагандан кийин Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жаткандардын катарына кошулууну пландашкан.

БИШКЕК, 12-авг. – Sputnik. Караганда облусундагы атайын операциянын жыйынтыгы менен теракт даярдоого аракет кылган деген шек менен сегиз адам кармалды. 

Полицейские дежурят на улицах Алматы после перестрелки. - Sputnik Кыргызстан
Алматыда атышуудан жаракат алган дагы бир полиция каза болду
Июль айынын аягында Коопсуздук боюнча улуттук комитет Караганда облусунда теракт даярдоого камданган радикалдар тобунун ишине бөгөт коюлгандыгын маалымдаган. Операция 26-июнда Балхаш шаарындагы Гүлшат аймагында жүргүзүлгөн. 

Аталган айылда террорчулардын бири өзүн жардырып жиберген. 

Июлда Казакстандын Коопсуздук боюнча улуттук комитетинин маалымат кызматы шек менен кармалгандардын саны жетиге жеткендигин кабарлаган. Аталган кызматтын маалыматында, кармалгандар теракт жасагандан кийин Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жаткандардын катарына барып кошулууну пландаган.

"Карагандыдагы атайын операциянын жыйынтыгы менен облуста сегиз адам кармалып, аларга "террорзим", "террордук уюмду түзүп, жетектеп жана анын ишмердүүлүгүнө катышкан", "куралды, жардырыла турган заттарды мыйзамсыз сактап, башкаларга берип жана алып жүргөн", "куралды мыйзамсыз даярдаган" деген беренелердин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатат", — деп билдиришти аталган комитеттен. 

Ведомстводон иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка маалыматтар берилбей тургандыгын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0