Алматыда Көчмөндөр оюну расмий тааныштырылат

© Пресс-служба президента КРУчастники танцевальной группы во время I Всемирных Игр Кочевников в Кыргызстане
Участники танцевальной группы во время I Всемирных Игр Кочевников в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага жергиликтүү тарыхчылар менен коомдук ишмерлердин катышуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Алматыда Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тааныштыруу иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. 

Иш-чараны Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы уюштурууда. 

"Иш-чарага жергиликтүү тарыхчылар, окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышып, көчмөндөрдүн орду, тарыхы тууралуу кеп болот", — деп айтылат маалыатта. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна катыша турган өлкөлөрдүн саны 29га жетти
Бет ачар аземи Алматы шаарындагы спорт жана туризм академиясында саат 11:00до башталат. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтүп, спорттун 23 түрү боюнча күч сынашуу жүрөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0