Казакстандын премьер-министри жол эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүСовместная пресс-конференция участников заседания Межгоссовета ЕврАзЭС.
Совместная пресс-конференция участников заседания Межгоссовета ЕврАзЭС. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол эрежесинин 16.1.1 пунктуна ылайык, автомагистралдарда велосипед тебүүгө тыюу салынган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов шаарлар арасындагы трассада велосипед тээп жол эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөгөнүн өзү Instagram баракчасында билдирди.

 

A photo posted by Karim Massimov (@kmassimov) on Jul 31, 2016 at 12:54am PDT

 

"Мыйзам жана эреже бардыгы үчүн бирдей", — деп жазган өкмөт башчы.

ЖК депутаты ИИМ башчысына "кан ичип" жаткан кайгуул кызматы боюнча сын айтты
Ал ошондой эле төлөгөн айып пулдун сүрөтүн да жарыялаган.

Буга чейин маалымдалгандай "Жарандык кайгуул" коомдук уюму Масимовдун жол эрежесин бузганын айтып, Казакстандын ички иштер министринин атына кат жолдогон.

Казакстандын жол кыймыл эрежесинин 16.1.1 пунктуна ылайык, автомагистралдарда велосипед тебүүгө тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0