ЕЭК: мындан ары кыргыз дипломдору Казакстанда жарактуу болуп саналат

© SputnikКрасный диплом выпускника ВУЗа Кыргызстана. Архивное фото
Красный диплом выпускника ВУЗа Кыргызстана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юридикалык жактар буга чейин комиссияга бир канча ирет арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн дипломдору Казакстанда жарактуу боло турганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди. 

Буга чейин Казакстанда башка өлкөнүн дипломдорун жаратпай жаткандыгы боюнча аталган комиссияга арыз түшкөн. 

"2015-жылдын 1-январына чейин берилген дипломдор Казакстанда жараксыз болуп жаткандыгы боюнча арыздар келип түшкөн. Аталган маселени ЕЭК Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте карап, ал оң жагына чечилди", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан ары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жогорку билими тууралуу диплому менен Казакстанда иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0