Өзбекстан Тажикстандын Рогун ГЭСи боюнча пландарына кайтадан кабатыр

© Sputnik / Ратушенко / Медиабанкка өтүүРогун ГЭСинин курулушу. Архив
Рогун ГЭСинин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын өкмөтү италиялык Salini Impregilo компаниясы менен Рогун ГЭСин куруу боюнча келишим түздү.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев шаршемби күнү Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзодага кат жөнөтүп, анда Рогун ГЭСинин курулушу боюнча тажик бийлигинин пландарына тынчсыздануусун билдиргенин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Электр зымда оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күзүндө Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу эки эсе жогорулайт
Буга чейин Тажикстандын өкмөтү италиялык Salini Impregilo компаниясы менен Рогун ГЭСин куруу боюнча келишим түзгөн болчу.

Тажик өкмөт башчысына жөнөтүлгөн катта Рогун ГЭСин куруу бүтүндөй Борбор Азия аймагына коркунуч келтирерин эл аралык экспертиза да белгилегенин эске салган.

Ошондой эле Рогун ГЭСин куруу долбоору 70-жылдары иштелип чыкканын андыктан учурдун талабын эске алуу менен аны кайтадан карап чыгуу керектиги катта жазылган. Андан сырткары тоолуу аймакка салынып жаткан бул курулуштун бийиктиги 335 метр болгондуктан 9-10 баллдык жер титирөөгө кооптуулук жарары да белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0