Күбө: Казакстанда телеканалдар көрсөтпөй жатат

© REUTERS / Shamil ZhumatovАлматынын борборундагы атышуу болгон жерде полиция кызматкери
Алматынын борборундагы атышуу болгон жерде полиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күч түзүмдөрү шаарда террордук коркунучтун кызыл деңгээлин жарыялап, антитеррордук аракеттерди баштады.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Казакстанда учурда телеканалдар иштебей жатканын Алматы шаарынын тургуну Самал. К. аттуу жаран Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Алматы шаарынын борборунда атышуу болуп, андан бир полиция кызматкери каза таап, жетөө кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Андан сырткары беш жаран да түрдүү жаракаттарды алгандыгы маалымдалды.

"Казакстандагы телеканалдар иштебей жатат. Биз бири-бирибиз менен WhatsApp аркылуу кабарлашып жатабыз. Кеңселерде, иште отургандарды алардын коопсуздугу үчүн сыртка чыгарбай жатат. Учурда ар кандай түрдүү маалыматтар да тарап жатат", — деди.

Самал. К. эми гана интернет байланышы келгенин да кошумчалады.

Алматыда атышуу болгон жайда полиция кызматкери. - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы атышуу: Никольск базарында беш киши жарадар болду
Күч түзүмдөрү шаарда террордук коркунучтун кызыл деңгээлин жарыялап, антитеррордук аракеттерди баштады.

Казакстандын маалымат жана коммуникация министри Арсен Бектасов телеканалдар профилактикалык иштерден улам көрсөтпөй жаткандыгын кабарлады.

Анын айтымында, Казакстандагы маалымат сайттар эл көп кирип окуп жаткандыктан начар иштеп жатат жана интернет жактан чектөө коюлган эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0