Сейсмологдор Азия өлкөлөрүндө ири жер титирөө болорун эскертүүдө

© REUTERS / ATHIT PERAWONGMETHAНепалдагы жер титирөөнүн кесепеттери. Архив
Непалдагы жер титирөөнүн кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар Азиянын түштүгүндө ири жаратылыш кырсыгы болушу мүмкүндүгүн аныкташты. Ири талкалоочу күч 400 жылдан бери өзгөчө тектоникалык аймакта топтолуп жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Индия, Бангладеш жана Мьянма мамлекеттеринин чектешкен аймагындагы тектоникалык өзгөчө чыңалуу акыркы жүз керек, болсо миң жылдан берки эң күчтүү кубатка ээ, талкалап кете турган жер титирөөгө жол ачышы мүмкүн. Бул тууралуу сейсмологдор Nature Geoscience журналындагы макалада айтышкан.

"Бангладешке бардык жагынан жык көчүп келишкен. Мунай жана газ мунаралары, оор өнөр жай ишканалары менен электрстанциялары жер титирөө болуу кооптуулугу жогору аймакта жайгашкан. Эгер жер титирөө болсо, алардын баары биринчи кезекте кыйрайт. Өлкөнүн борбору Дакка шаары астын-үстүн түшүп, ал жактагы калк толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн", — деген кооптонуусун Дакка университетинин окумуштуусу Сайед Ахтер билдирди.

Ахтер өзүнүн кесиптештери Гималай тоо кыркаларындагы жер тектеринин жылышын изилдөөдөн кийин Азиянын түштүгү толугу менен кооптуу жерде турганын аныкташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0