Астана күнүнө карата абакта отургандар флешмоб өткөрүштү

Жазылуу
Катуу тартиптеги түрмөнүн жетекчилиги менен Караганда облусунун прокуратурасы Казакстандын борбор калаасынын күнүнө карата абакта отургандардын арасында флэшмоб өткөрүүнү чечишкен. Уюштуруучулар муну менен түрмөдөгүлөрдүн патриоттук сезимин күчөтүүнү максат кылышкан.

Коррупция менен күрөшүү бий менен белгиленди. Бишкекте флешмоб өттү
Флэшмобго оор кылмышка барган 300гө чукул жаран катышкан. Ага даярдык көрүү үчүн үч жума керектелгенин Новости-Казакстан агенттиги билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ар кандай геометриялык фигуралардын элесинде тизилип, аягында Казакстандын башкы символу болгон "6" санын көрсөтүштү. Эскерте кетсек, 6-июль Астананын күнү катары белгиленип келет. Мындан тышкары, катышуучулардын колунда көк түстөгү желектер желбиреп турду.

Жаңылыктар түрмөгү
0