Ли Кэцян: Кытай Кыргызстандагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда кол узатууга даяр

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКытай Эл Республикасынын премьер-министри Ли Кэцян "Жайкы Давос — 2016" дүйнөлүк экономикалык форумда
Кытай Эл Республикасынын премьер-министри Ли Кэцян Жайкы Давос — 2016 дүйнөлүк экономикалык форумда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул күндөрү Кытайдын Тяньцзинь шаарында "Жайкы Давос — 2016" экономикалык форуму өтүп жатат.

ТЯНЬЦЗИНЬ, 27-июн. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын премьер-министри Ли Кэцян КРдин өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда Кыргызстанда жакында эле болгон жер титирөөдөн улам өлкөгө жардам берүүгө даяр экенин айтты. 

Белгилей кетсек, кечээ Кыргызстанда магнитудасы 6,3 баллга жеткен жер титирөө болго

Сейсмограф аппаратында катталган жер титирөөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абдрахматов: кечээтен бери жүз жолу жер титиреп, бирок анын 10 гана байкалды
Кэцян Кытай жер титирөөдөн улам тынчсызданып жатканын жана анын кесепеттерин жоюуга керек болгон жардамды берүүгө даяр экенин айтты. 

Өз кезегинде Жээнбеков эки тараптуу кызматташууга жана пикир алышууга ыраазычылык билдирип, Кытайдын Цзяньсу аймагында жакында эле болгон жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга көңүл айтты. 

Белгилей кетсек, премьер-министр баштаган кыргыз делегациясы КЭРдин премьер-министри Ли Кэцяндын чакыруусу менен "Жайкы Давос — 2016" дүйнөлүк экономикалык форумга катышууда

Жаңылыктар түрмөгү
0