Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосунда туристтик пакет иштемей болду

Жазылуу
Туристтик пакетте Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан туристтеринин аталган өлкөлөргө баруусунда бир топ артыкчылыктар каралган.

ЧОЛПОН-АТА, 7-июн. —Sputnik. Түрк кеңешинин III саммитинин жыйынтыгы менен түзүлгөн келишимге ылайык, кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосунда туристтик пакет түзүлмөй болду.

Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө Түрк кеңешинин III саммити башталды
Бүгүн Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчөлүк кылган кеңештин жыйыны өтүп, ага аталган өлкөлөрдүн туризм министрлери катышты. Натыйжада Кыргызстандын үч туристтик ассоциациясы Дүйнөлүк туристтик уюмдун этикалык кодексине кол коюшту.

Ал эми түзүлгөн келишим Кыргызстандын туризм багытында иш алып барган жеке ишкерлерди туристтерге дүйнөлүк стандарттагы тейлөөгө чакыруу болуп эсептелет.

Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутовдун айтымында, туристтик пакет төрт мамлекеттин эли үчүн бир катар жеңилдиктерге шарт түзөт. 

"Мында туристтер 2000 долларга төрт мамлекетти кыдырып чыкса болот. Аталган өлкөлөрдүн ортосундагы түз аба каттамдары тууралуу сүйлөшүүлөр эми башталат. Буюрса, күзгө чейин айтылгандын баары ишке ашуусу күтүлүүдө", — деди ал.

Түрк кеңеши 2009-жылы негизделип, ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан өлкөлөрү кирет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0