Казакстан Кыргызстандын картошкасына салынган тыюуну жоймой болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКартошка. Архив
Картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Айыл чарба министрлиги 4-май күнү Кыргызстандан картошка алууга убактылуу тыюу салган. Казак бийлиги муну акыркы кезде Кыргызстандан барган картошкадан ылаң табылып жатканы менен негиздеген.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандан ташылган картошканы өлкө аймагына киргизүүгө салынган тыюуну алып салууга макул болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги 4-май күнү Кыргызстандан картошка алууга убактылуу тыюу салган. Казак бийлиги муну акыркы кезде Кыргызстандан барган картошкадан ылаң табылып жатканы менен негиздеген. Бул маселе бир нече ирет ар кандай деңгээлде көтөрүлгөн. Шейшемби күнү ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жыйынында бул маселени президент Алмазбек Атамбаев да козгогон.

"Атамбаев менен Назарбаевдин жолугушуусунда тыюуну алып салуу жөнүндө макулдашылды. Бул биздин дыйкандар үчүн жакшы жардам болот", — деди Чодуев.

Бирок министрдин орун басары картошканы Казакстанга кайсы мезгилден тартып экспорттоого мүмкүн болорун так айткан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0