Казакстанда 12 жыл бою изделген кыргыз бала телепрограмма аркылуу табылды

© Фото / пресс-служба МИД КР"Казакстан" телекомпаниясынын "Айтууга оңой" программасынын жардамы менен 12 жылдан бери изделип жаткан кыргыз жигит табылды.
Казакстан телекомпаниясынын Айтууга оңой программасынын жардамы менен 12 жылдан бери изделип жаткан кыргыз жигит табылды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асан Арыкбаев эс-тутуму начар болуп, амнезия илдетинен жабыркап келген.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. "Казакстан" телекомпаниясынын "Айтууга оңой" программасынын жардамы менен 12 жылдан бери изделип жаткан кыргыз жигит табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уулумду ошол күнү акыркы жолу көрдүм… Балдарын жоготкон аталардын күйүтү
Маалыматка ылайык, эс-тутуму начар болуп, амнезия илдетинен жабыркаган Асан Арыкбаев социалдык тармак аркылуу программага жардам сурап кайрылган. Телеканал аркылуу издөө жарыяланганда Казакстан жана Өзбекстандан бир канча үй-бүлө чыгып, Асан Арыкбаевдин туугандары экенин айтышкан. Бирок ДНК анализдери башка жыйынтык көрсөткөн. 

Журналисттердин талыкпаган эмгеги үзүрүн берип, Арыкбаевдин апасы Кыргызстандан табылган. Медициналык текшерүү аталган маалыматты тастыктаган корутунду чыгарып берген. 

Баланын энесин табууга Алматы шаарындагы Кыргызстандын элчилиги, КРдин Тышкы иштер министрлигинин түштүктөгү өкүлчүлүгү жардам көрсөткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0