https://sputnik.kg/20160520/1025465581.html
Душанбеде "Ислам мамлекетинин" желегин илген киши алты жылга кесилди
Душанбеде "Ислам мамлекетинин" желегин илген киши алты жылга кесилди
Sputnik Кыргызстан
Тергөөдө эки бала базардан ак жана кара сыр сатып алып, кездемеге "Ислам мамлекетинин" белгисин тартып, аны былтыр 29-августтун түнү көпүрөгө илгендиги... 20.05.2016, Sputnik Кыргызстан
2016-05-20T09:01+0600
2016-05-20T09:01+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102305/04/1023050434_0:175:3197:1982_1920x0_80_0_0_74a66df68008c106bca3b6986478987d.jpg
душанбе
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2016
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102305/04/1023050434_0:74:3197:2083_1920x0_80_0_0_35412df288e29ab7abc630148c5dd752.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
окуялар, азия, жаңылыктар, душанбе, "ислам мамлекети" террордук тобу
окуялар, азия, жаңылыктар, душанбе, "ислам мамлекети" террордук тобу
Душанбеде "Ислам мамлекетинин" желегин илген киши алты жылга кесилди
09:01 20.05.2016 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Тергөөдө эки бала базардан ак жана кара сыр сатып алып, кездемеге "Ислам мамлекетинин" белгисин тартып, аны былтыр 29-августтун түнү көпүрөгө илгендиги айтылат.
БИШКЕК, 20-май – Sputnik. Тажик техникалык университетинин студенти өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Ислам мамлекетинин" желегин илгендиги үчүн алты жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында Тажикстандын Жогорку сотунунун маалымат кызматынан билдиришкенин РИА Новости жазды.
"Душанбенин 21 жаштагы тургуну Даврон Курбонов ишмердүүлүгүнө Тажикстанда тыюу салынган "Ислам мамлекетинин" желегин илгендиги үчүн өлкөнүн Кылмыш кодексинин 307-беренсинин негизинде алты жылга эркинен ажыратылды", — деп жазылат маалыматта.
Курбонов 2015-жылдын ноябрында, Душанбенин чет жакасындагы көпүрөлөрдүн бирине "Ислам мамлекетинин" желегин илди деген шек менен кармалган. Ал эми анын жанындагы 17 жаштагы жолдошу Кудрат Насруллоев төрт жылга эркинен ажыратылган.
Тергөөдө эки бала базардан ак жана кара сыр сатып алып, кездемеге "Ислам мамлекетинин" белгисин тартып, аны былтыр 29-августтун түнү көпүрөгө илгендиги айтылат. Жогорку соттун маалымат кызматы студент мындан сырткары шаардагы интернет-кафелерден аталган террордук уюмга үндөгөн видеоматериалдарды көрүп, башкаларды да көрүүгө чакырып жүргөн деп кошумчалады.