Душанбеде сел жүрүп, үйлөрдү каптап жатат

© Александр КимРудаки районундагы сел.
Рудаки районундагы сел. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нөшөрлөгөн жаан түнкү саат экиде башталган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Душанбе шаарынын жашоочусу Александр Ким Sputnik Кыргызстан агенттигине Рудаки районунда сел жүрүп, үйлөрдү каптап жатканын билдирди.

Анын айтымында, Элок дарыясынын жээгинен ашкан суу көчөлөрдү каптап, агымы катуу болууда. 

"Бул Душанбе шаарынан бир чакырым алыстыктагы аралык. Жергиликтүү тургундар саат түнкү 2ден баштап күндүзгү 12ге чейин өз күчү менен сууну тосууга аракет кылышты. Кырсыктан 1148 үй жабыркады", — деди ал.

Рудаки району Тажикстандын ири жана өнүккөн аймагы болуп Душанбе шаарына жакын жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0