Тажик президентинин кызы сенаторлукка талапкер катары көрсөтүлдү

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүТажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын жогорку палатасына мөөнөтүнөн мурда шайлоо 29-майда болот. Анда тажик президентинин кызы Озода Рахмон президенттин аткаруучу аппаратынын мурдагы жетекчиси Бахтиёр Худоёзоданын ордуна барышы мүмкүн.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тажикстандын президентинин кызы Озода Рахмон депутаттардын шаардык мажилисинен парламенттин жогорку палатасына мүчөлүккө талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги билдирди. 

Канбийкелер келе жатат: Борбор Азия президенттеринин кыздары такка отурабы…
29-майда Тажикстандын жогорку палатасына мурдагы сенатор, президенттин аткаруучу аппаратынын экс-жетекчиси Бахтиёр Худоёзоданын ордуна мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот.

Анын ордуна тажик президенти Эмомали Рахмондун 38 жаштагы кызы Озода Рахмон дайындалган. Ал буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп келген.

Тажикстандын жогорку палатасынын мүчөлөрү түз шайлоо менен шайланбайт. 33 мүчөнүн 25и өлкөнүн төрт облусунун жана борбордук райондордун депутаттарынын жыйынында жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Тажикстандын президенти палатанын калган 8 мүчөсүн өзү дайындайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0