Казакстанда жергиликтүү тургунду сабап койгон үч КР жараны кармалды

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүКылмышкерлерди кармоо. Архив
Кылмышкерлерди кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган 27 жаштагы казакстандыкка медициналык жардам көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Казакстандын Талдыкорган шаарынын полициясы жергиликтүү тургунду ур-токмокко алган үч кыргызстандык жаранды кармады. Бул тууралуу Алматы облусунун Ички иштер департаментине таянуу менен Новости-Казахстан билдирди.

Полиция кызматкерлери видеокаттоо камераларынын жардамы менен шаардын соода үйлөрүнүн жанында болгон мушташты катташкан. Окуя болгон жерге келген Жол кайгуул полициясынын инспекторлору жаңжалдын бардык катышуучуларын кармап кеткен.

"Алардын үчөө Алматыда убактылуу катталган кыргызстандык жарандар экени белгилүү болду. Ал эми 27 жаштагы жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0