Түркмөнстандык айымдар 8-мартка карата 11 доллардан белек алышат

© Фото / Фотохост-агентство. / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өкмөт жыйынында өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Түркмөнстандын айымдары 8-март Эл аралык айымдар күнүнө карата президенттен 40 манаттан (11 доллардан көбүрөөк) ала турганын түркмөн телевидениесине шилтеме берүү менен Sputnik Армения агенттиги билдирди.

Тийиштүү буйрукка өкмөт жыйынында өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

Президенттин токтомуна ылайык, аталган белек менчик формасына карабастан өлкөнүн бардык ишкана, мекеме жана уюмдарында иштеген айымдарга берилмекчи.

Виды Астаны - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда мажилиске болгон шайлоонун үгүт иштери башталды
Мындан тышкары, акчалай белек пенсия жана мамлекеттик жөлөк пул алгандар, аспирантура, докторантура, клиникалык ординатурада окугандар, студенттер, окуучулар жана бала бакчага барган кичинекей кыздарга чейин тапшырылат. Бул белек 1-5-март күндөрү берилип бүтүшү керек.

Түркмөнстанда Эл аралык аялдар күнүнө карата көйнөктөр үчүн кездемелер эң популярдуу белек болуп саналат. Алардын баасы болжол менен 40 манаттын чегинде. Түркмөнстандык аялдарга акчалай белек берүү салтын өлкөнүн биринчи президенти Сапармурат Ниязов баштаган. Бул майрам советтик доорду эске салбашы үчүн түркмөнбашы аялдардын майрамын Ноорузга туштап өткөрүүнү буюрган.

Аталган өлкөдө 8-март майрамын белгилөөнү президент Гурбангулы Бердымухамедов 2008-жылы калыбына келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0