АКШ Борбордук Азия өлкөлөрүнө россиялык агрессияга каршылык көрсөтүүсү үчүн акча бөлөт

© AFP / JOE KLAMAR АКШ желеги. Архив
АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражат Молдова, Грузия, Украина жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү "демократияны колдоого" жумшалат.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. 2017-жылы АКШнын Мамлекеттик департаментине Россия менен коңшулан өлкөлөрдөгү коррупция менен каршы күрөшүү жана демократияны колдоо үчүн бир миллиард доллар бөлүнө турганын мекеменин өкүлүнө таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Каражат "Россия агрессиясына коомдук дипломатия жана тышкы жардап программалары аркылуу каршылык көрсөтүү жана Европада туруктуу өкмөт түзүү" беренесинин алкагында бөлүнүүдө.

"Кеп коррупцияга каршы күрөшүү, энергетикалык коопсуздукту сактоо жана Россия менен коңшулаш Молдова, Грузия жана Украина сыяктуу өлкөлөрдө демократияны колдоо программалары тууралуу болуп жатат. Буга Орто Азиядагы мамлекеттер да кирет", — деди маектеш.

Мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, буга 953 миллион доллар бөлүнмөкчү. Жалпы жонунан аталган беренеге АКШ эмдиги жылы 4,3 миллиард доллар караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0