Алтын, бриллиант менен кооздолгон 50 миң евролук домбура Назарбаевге белек кылынышы мүмкүн

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКазахстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аспаптын уникалдуулугу, ал жалгыз экземплярда жасалганында. Домбрага бриллианттар чегерилип жана алтын менен кооздолгон. Аны швейцариялык чеберлер жасаган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Столдун үстүндө коюлуп ойнолуучу "Алтын домбураны" сувенир жасоочу белгилүү компания чыгарган. Жаңы жасалган асыл буюмду Казакстандын борборундагы соода үйлөрүнүн биринде элдин назарына коюлганын "Inform БЮРО" булагы билдирди. 

"Бул швейцариялык мыкты компания тарабынан жасалып, ага жаңгактын уюлу колдонулган. Ошондой эле, 24 караттык алтын менен кооздолуп, бриллианттар менен шөкөттөлгөн", — дейт "Алтын домбураны" элге тааныштырган Empire компаниясынын ээси Вольдемар Айфельд.

Төкмөлүк өнөрдү даңктаган "Алтын комуз" ээсин тапты
Сувенирдик домбранын өзгөчөлүгү анын көлөмүндө. Анын чоңдугу кадимки домубрадай. Узундугу – 100 см, туурасы – 25 см. Бирок анда кол ойнотууга болбойт. Бул асыл буюм интерьердин элиталык жасалгасы катары бааланат. Ошону менен катар, "Алтын домбура" музыкалык бурап иштетме механизми менен жабдылган жана белгилүү үч мелодияны ойногонго жөндөмдүү. 

Такталгандай, механизмдин 72 нотасы, 3 тоналдуулугу бар жана үч мелодиядан үзүндүлөрдү ойной алат.

Тегеретип иштетме түрүндөгү музыкалык механизм 316 L ювелирдик болоттон жасалган жана 24 карат алтын менен капталган.

"Биз премиум классындагы буюмдардын жаңы циклин ачып жаткандыктан, биз, албетте, биринчи буюмду өлкөнүн биринчи кишисине бергибиз келет", — деген ою менен Вольдемар Айфельд бөлүштү. 

Компаниянын ээсинин сөзү боюнча, "Алтын домбуранын" болжолдуу баасы 50 миң евро. Бирок аны сатыкка коюу ниеттери жок. Интерьердин музыкалык элементи мамлекет башчысына белек катары берилиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0