Тажикстандагы жер титирөө адам өлүмүнө жана кыйроолорго алып келди

© Sputnik / Табылды КадырбековАсфальттагы жаранкалар. Архив
Асфальттагы жаранкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зилзаладан Тоолуу Бадахшан аймагындагы бир катар айылдарды 60тай турак жай кыйрап, 10го жакын адам жабыркаган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети Душанбе — Хорог унаа жолунда жер титирөөдөн улам таш кулап, анын кесепетинен бир адам каза болгонун расмий тастыктады.

"Кырсыкка дагы эки унаа кабылган, бирок бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Абдрахматов: акыркы зилзалалар Непалдагы жер титирөөнүн кесепеттери
Тоолуу Бадахшандын Мургаб районундагы Булункүл айылында бир катар турак жайлар кыйроого учураган. Маалыматка ылайык, дал ушул аймак жер титирөөнүн очогу болуп катталган. Талкаланган үй-жайлардын саны тууралуу азырынча так маалымат жок, ал эми Рушан районундагы Бартанг өрөөнүндө 60 үй кыйрап, 10го чукул адам жабыркаганы аныкталды.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен шашылыш түзүлгөн жумушчу комиссия Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна жөнөп кетти. 

Күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө дүйшөмбү күнү саат 12.55те болгон. Силкинүүнүн очогу аталган аймакта — Душанбеден 357 чакырым жана Сарез көлүнөн 22 чакырым алыстыкта катталган. Тажикстандын борбор калаасында жер титирөө 3-4 баллдык болуп сезилген. 

Кечээ, 7-декабрь күнү Кыргызстанда жарым сааттын ичинде эки ирет жердин силкинүүсү катталган. Биринчисинин очогу Тажикстанда болсо, экинчи силкинүүнүн очогу Нарындын Жумгал районунда жайгашканы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0