Окумуштуулар Казакстанда глобалдык жылуулукка даярдыктарды талкуулады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүДеңизде ээрип жаткан Айсберг. Архив
Деңизде ээрип жаткан Айсберг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конгресске катышкан илимпоздор озон катмарынын бузулуусун азайтуу үчүн аракеттер, органикалык, химиялык заттарды ченеми менен пайдалануу маселелерин да карашты.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Окумуштуулар II Эл аралык биологиялык конгрессте айыл чарбачылыгынын заманбап өнүгүүсү, илимдин, билимдин жана өндүрүштүн интеграциясы тууралуу маселелерди талкуулашканын Улуттук илимдер академиясы (УИА) билдирди.

Күндүн ысыгында Бишкек көчөлөрүндө бараткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Октябрь ичинде күндүн бүгүнкүдөй ысышы Кыргызстанда биринчи ирет катталды
Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Казакстандын Алмалыбак айылында 11-12-ноябрь күндөрү "Климаттын глобалдык өзгөрүүсү жана биоартүрдүүлүк" деген теманын алдында өттү. Ага Кыргызстандан УИАнын вице-президенти, академик Биймырза Токторалиев катышты. 

Конгрессте айыл чарбачылыгынын заманбап өнүгүүсү, илимдин, билимдин жана өндүрүштүн интеграциясы, глобалдык жылуулукка даярдыктар, өсүмдүктөрдүн биоартүрдүүлүгүн сактап калуунун биотехнологиясы жөнүндө маселелер каралды. Ошону менен катар озон катмарынын бузулуусун азайтуу үчүн аракеттер, органикалык, химиялык заттарды ченеми менен пайдалануу да окумуштуулардын талкуусунда болду. 

Токторалиев Кыргызстанда бак-дарактардын зыянкечтерин химиялык эмес, биологиялык жол менен күрөшүү жаатында жасалып жаткан иштер боюнча билдирүү жасады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0