Тажикстандын Башкы прокуратурасы Назарзода чет өлкөдөн каржыланып турганын жар салды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДоллар акчасы. Архив
Доллар акчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө Назарзода чет элдик колдоочуларынан акча алып турганы айтылат. Бирок каржылаган өлкөлөрдүн аты аталган эмес.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажикстанда жок кылынган министрдин мурунку орун басары Абдухалим Назарзода чет өлкөдөн каржыланып турганын Тажикстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Калашников автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын ИИМи козголоңчу генералдын жок кылынгандыгын тастыктады
16-сентябрда аталган мамлекеттин күч структуралары генерал жок кылынганы тууралуу маалымат тараткан. Назарзода 4-сентябрь күнү Душанбе жана Вахдат шаарларында укук коргоо органдарына болгон кол салууга күнөөлөнүп келген.

4-сентябрда башталып 16-сентябрга чейин уланган атайы операция учурунда 25 согушкер жок кылынып, бандиттик топтун 125 мүчөсү колго түшүрүлгөн. Өлгөндөрдүн арасында Назарзода да болгон.

Бейшемби күнү Башкы прокуратура Назарзоданын өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу планы ушул жылдын август айында түзүлгөнүн билдирди. 

"Назарзода чет өлкөдөгү колдоочуларынан ири көлөмдөгү каражат менен камсыздалып турган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Эксперт:Тажикстандагы туруктуулук бардык Евразия мамлекеттери үчүн маанилүү
Бирок ал мамлекеттердин аты аталбайт.

Буга чейин Башкы прокуратура Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсү Назарзода менен байланышы бар деп шектелип камакка алынган.

Мекеменин маалыматы боюнча, топтун кармалган мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Мындан тышкары, Башкы прокуратура кармалгандардын тизмесин туулган жылы менен кошо жарыялаган.

Маалыматта тергөө иштери улантылып жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0