ШКУ алкагында Жогорку соттордун жетекчилер жыйыны эми Тажикстанда өтөт

© пресс-служба Конституционного Суда ВС КРШКУ алкагында Жогорку соттордун жетекчилер жыйынында.
ШКУ алкагында Жогорку соттордун жетекчилер жыйынында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева кезектеги жыйынды өткөрүү эстафетасын Тажикстанга тапшырды.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун төрагаларынын жыйынынан кийин, алар биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. КРдин Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева кезектеги жыйынды өткөрүү эстафетасын Тажикстанга тапшырды.

ШКУнун алкагында өткөн жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Кытайдын Жогорку сотторунун жетекчилери катышты.

Фемиданын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ШКУ мамлекеттеринин Жогорку сот жетекчилери жолугууда
Алгач, Жамашева ШКУга мүчө мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун делегациясынын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Кеңешмеден соң Жамашева ШКУга мүчө мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун төрагаларынын Кеңешмесин өткөрүү эстафетасын Тажикстандык кесиптеши Шермухаммед Шохиенге тапшырды. 

ШКУга мүчө мамлекеттеринин Жогорку Сотторунун Төрагаларынын кийинки он биринчи Кеңешмеси 2016-жылы Тажикстанда өтмөй болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0