Өзбекстандыктар суу менен агып келген өлүктү таап, Кыргызстандагы туугандарына кайтарды

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аравандагы каналга киринип жатып агып кеткен Юсуповдун жансыз денеси Өзбекстандын Фергана облусунун Беш-Арык участкасынан жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Араван районунун Чек-Абад айыл аймагында Фергана каналына киринип жатып сууга чөгүп кеткен Абдулмухтин Юсуповдун сөөгү табылганын ӨКМ маалымат кызматы билдирет.

Балдар көлдө чөмүлүп атат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштогу Отуз-Адырдын суусуна эки бала чөгүп кетти
Маалыматка ылайык, окуянын 7-июль күнү Жар-Кыштак айылын кесип өткөн Түштүк Фергана суусунда болгону катталган. 21 жаштагы жаран сууга түшүп жатып, кокусунан агып кетип, аны туугандары жана куткаруучулар тарабынан үч күн бою издеген. 

Натыйжада, 10-июль күнү саат түшкө жуук Юсуповдун жансыз денеси Өзбекстандын Фергана облусунун Беш-Арык участкасынан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, саат кечинде Кадам-Жай өткөрүү бекети аркылуу туугандарына өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0