Казакстанда ымыркайларды сатты деп шектелген төрөт үйүнүн кызматкерлери кармалды

© flickr.com / Quinn DombrowskiЫмыркайдын колу. Архив
Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарды өз энелери баш тарткандан кийин сатышкан деп билдирет Чымкенттин прокуратурасынын кызматкерлери.

БИШКЕК, 10-июнь — Sputnik. Чымкенттеги (Казакстан) төрөт үйүнүн эки кызматкери ымыркайларды сатууга катыштыгы бар деп шектелип жаткандыгы тууралуу РИА Новости облустук прокуратура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Болат Жуматаевге таянуу менен.

2013-2014-жылдары кылмыш жолу менен балдар сатылып кеткендиги боюнча 10 факты аныкталгандыгы кабарланат.

"Сот бөбөктөрдү сатууга катыштыгы бар деп шектелген Чымкенттеги төрөт үйдүн эки кызматкерин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды", — деген Жуматаевдин сөзүн келтирет РИА Новости.

Прокуратура кызматкери камакка алынгандардын айтылган кылмыштын канчасына тиешеси бар экендигин тергөө аныктаганга аракет кылып жаткандыгын билдирди.

Чымкенттин прокуратурасынын маалымат катчысы Тамара Утелбекованын билдирүүсүндө, балдар өз энелери баш тарткандан кийин сатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0