Назарбаевдин инаугурациясы бүгүн өтөт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент Казахстана Нурсултан Назарбаев
Президент Казахстана Нурсултан Назарбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандагы президенттик шайлоодо 97,75% добуш алган Назарбаев ишенимдүү түрдө жеңишке жетти.

БИШКЕК, 29-апр. – Sputnik. Казакстандын кайра шайланган президенти Нурсултан Назарбаев президенттик ишине расмий түрдө 29-апрелде киришет. Бул туурасында Казакстандын БШКсынын катчысы Бахыт Мелдешов билдирди.

Шайлоодо 97 пайыздан ашуун добуш алган Назарбаев элге ыраазчылыгын айтты
Жекшемби күнү Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда үч талапкердин ичинен Назарбаев шайлоочулардын добушунун 97,75 пайызын алган. Андан сырткары Коммунисттик элдик партиядан Тургун Сыздыков, Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Абелгази Кусаинов катышып, экөө биригип 5 пайызга жетпеген добуш алышкан.

Назарбаев Казакстанды 1991-жылдан бери башкарып келет. Бул анын төртүнчү жолу шайланышы. Мындан төрт жыл мурдагы шайлоодо Назарбаев шайлоочулардын 95 пайыз добушун алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0