КР менен Тажикстандын чек арачылары чыр болуп кетсе, курал колдонбоону чечишти

© AFP / VIKTOR DRACHEVЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматы чыр-чатак чыгып кеткен учурда мамлекеттин коопсуздугуна жана аскер кызматкерлеринин ден соолугуна коркунуч туулбаса, курал колдонбоо боюнча протоколго кол коюшту.

БИШКЕК, 1-апр —Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматы чыр-чатак учурунда курал колдонбоо боюнча макулдашканын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Чек ара — адамдын мүнөзүн жана эркин сыноодон өткөрүүчү аймак
31-мартта Тажикстандын Исфара шаарында эки мамлекеттин чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугуп, чыр-чатак учурунда мамлекеттин жана аскерлердин өмүрүнө коркунуч туулбаса, курал колдонбоо боюнча макулдашты. 

КР Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев менен Тажикстандын УКМКнын чек ара аскер командачысы Раджабали Рахмонали жолугуп, макулдашылбаган аймактардагы мамлекеттик чек аранын абалына көңүл бурушту.

Жолугушуу маалында эки мамлекеттин чек ара башчылары 2015-2016-жылдары комплекстүү кызматташуу боюнча план бекитилди.

Тараптар ошондой эле, чек арадагы чыр-чатактарга жол бербөө жана алардын алдын алуу боюнча протоколго кол коюшту.

Жаңылыктар түрмөгү
0