КЭУлар өлкөдө кырдаалды солгундатуу үчүн пайдаланылат деп эсептейт Бордюжа

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүГенеральный секретарь ОДКБ Николай Бордюжа
Генеральный секретарь ОДКБ Николай Бордюжа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККУнун башкы катчысы түстүү ынкылаптарды, анын ичинде Майдандагы окуяны даярдоодо Америка менен Батыш мамлекеттердин каржылык "сугаруусундагы" ушундай уюмдар пайдаланылган.

БИШКЕК, 15-мар — Sputnik. ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжа өлкөдө кырдаалды солгундатуу коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) милдети деп эсептейт деп билдирет РИА Новости.

Мындай пикирин ЖККУнун башкы катчысы Тажикстандын борборунда брифингде сүйлөп жатып билдирди.

Бордюжанын айтымында, Украинанын башынан өткөргөнү мындай уюмдар өлкөдө кырдаалды солгундатуу максатында сокку уруучу каражат катары колдонула тургандыгын көрсөттү. 

"Түстүү ынкылаптарды, анын ичинде Майдандагы окуяны даярдоодо Америка менен Батыш мамлекеттердин каржылык "сугаруусундагы" ушундай уюмдар пайдаланылганы баарыбызга белгилүү", — деди ЖККУнун башкы катчысы.

Мындай практика калыптанып жөнгө салынгандыгын жана аны батыш өнөктөштөр активдүү колдонушарын белгиледи ал. Ошол эле учурда Украинанын түштүк-чыгышындагы кагылышууларга катышпаган Россия чырдашып жаткандарды элдештирүүгө бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын айтты башкы катчы. 

"Донбасстагы каатчылыкты тынчтык жолу менен гана чечүүгө болот. Жана бул процесстин маанилүү шарты Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактап калуу болушу керек. Албетте, өлкөнүн жаңы бийлиги муну жасай алса", — деп баса белгиледи Бордюжа.

Душанбеге болгон расмий сапарынын натыйжасы боюнча сөз сүйлөп жатып, ЖККУнун жетекчиси КЭУлар мамлекеттерде коопсуздукту жана туруктуу абалды орнотуу боюнча белгилүү бир сегментте тургандыгын, ушундай багытта иштеген КЭУлар менен менен жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыкты уюштуруу зарылдыгын белгиледи ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0