Путин Ташкентке расмий иш сапары менен келди

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүАрхив: Владимир Путин жана Ислам Каримов
Архив: Владимир Путин жана Ислам Каримов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапары Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун чакыруусу менен жүрүп жатат. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча өз ара пикир алмашып, аймактык коопсуздуктун башкы маселелерин талкуулашат.

ТАШКЕНТ, 10-дек — РИА Новости. Россиянын президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Өзбекстанга келди. Анын жүрүшүндө тараптар башка маселелер менен катар эле каржыга байланышкан өз ара чечилбеген көйгөйлөрдү да талкуулашат.

Иш сапары Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун чакыруусу менен жүрүп жатат. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдиргендей, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча өз ара пикир алмашып, аймактык коопсуздуктун башкы көйгөйлөрүн талкуулашат. 

Иш сапарынын жүрүшүндө төрт документке: Өз ара каржылык талаптар менен милдеттенмелерди жөнгө салуу тууралуу өкмөттөр аралык келишимге, 2015-2019-жылдарга карата экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн негизги багыттары жөнүндө макулдашууга, Алынган баңгизаттарын изилдөө натыйжалары менен өз ара алмашуу жөнүндө ведомстволор аралык протоколго жана 2015-жыл үчүн ТИМдердин кызматташуу программасына кол коюлушу күтүлүүдө.

Каржылык талаптарды жөнгө салуу жөнүндө келишимде Россия Өзбекстандын карызын жеңилдетип, ал эми Өзбекстан калган карызды чогултуп, бир төлөп берет деп каралган. 

Өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн кеңейтүү сүйлөшүүлөрдүн негизги маселелеринен болот. 2013-жылы өлкөлөрдүн ортосундагы товарлардын айлануусу 9,4%га — 4 миллиард долларга чейин өскөн. 2014-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 8,2%га жогорулагандыгы катталган. Өзбекстандын соода боюнча өнөктөштөрүнүн ичинен Россия биринчи орунду ээлеп келет (27,5%).

Жаңылыктар түрмөгү
0