Түрк тилдүү мамлекеттердин IV медиа форуму өттү

© Фото / Selvinas DalyanТүрк тилдүү мамлекеттердин IV медиа форуму
Түрк тилдүү мамлекеттердин IV медиа форуму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ааламдашуу доорунда Жалпыга маалымдоо каражаттары таасирдүү күч экенин эч ким танбайт.

Гирне, 20-ноя – Sputnik. Түрк тилдүү мамлекеттердин IV медиа форуму Түндүк Кипрде өттү. Форумда түрк тилдүү мамлекеттердеги жалмыга маалымдоо каражаттарынын маселелери талкууланып, орток бир жалпыга маалымдоо (ЖМК) каражаттарын түзүү боюнча сунуш пикирлер айтылды. Ошондой эле, бул мамлекеттердеги аталган тармактардагы кээ бир кыйынчылыктарга да көңүл бурулуп, аны чечүүнүн жолдору талкууланды.

Форумда сөз сүйлөгөн Түндүк Кипрдин парламентинин спикери Сибел Сибер учурда маалымат айдыңында булганган жана бурмаланган маалыматтар көп болуп жатканын белгиледи. 

"Коомдо болуп жаткан маалыматтын ыпластыгына жалпыга маалымдоо каражаттары түздөн-түз таасир этип, чындап келгенде ошондой маалыматтарды таратууда. Мындай терс көрүнүштөн арылуу ЖМКдан да көз каранды. Биз канчалык басылмаларды сындап, анын терс жактарын айтканыбыз менен бүгүнкү күнү алар маалымат алуунун башкы булагы бойдон калууда" – деди ал.

Түркиянын Гази университетинин коммуникация факультетинин деканы Закир Авшар учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялар күчтүү мамлекеттердин саясый көз карашына карап берилип атканын айтып, түрк дүйнөсү жана араб мамлекеттеринде болуп аткан окуялар батыш медиасы тарабынан кандай өңүттө берилип жатканына токтолду. 

"Азыр маалыматка ким ээ болсо, ал дүйнөнү башкарат деген пикирге бардыгы макул. Андыктан өзүбүздүн үнүбүздү туура, толук жеткире билүү үчүн күчтүү ЖМКга муктаждык бар. Түрк дүйнөсү жана араб дүйнөсүндө болуп аткан окуяларды күчтүү мамлекеттер өз көз карашы менен берип, башкаларга да өз таасирин таңуулап жатышат" – дейт Закир Авшар.

Акыркы убактарда бир мамлекеттин ичинде болуп аткан окуялар пайда алууну көздөп, бурмаланып берилип атканын айткан, Кипр гезитинин баяндамачысы Акай Жемал Ирак, Сирия мамлекеттериндеги окуяларды мисал келтирди.

"Пайда алуу үчүн маалыматтар кантип бурмаланаарын араб мамлекеттеринде болгон окуялардан улам байкадык. ЖМКлар кээде акылга сыйбай турган маалыматтарды таратып, өз мамлекеттеринин кызыкчылыгын коргоп, маалыматтарды бурмалап жатат. Бул өтө кооптуу жагдай. Түрк тилдүү мамлекеттер дагы ушундай зулумга кабылбаш үчүн өздөрүнүн күчтүү медиасына ээ болушу керек", –деди ал. 

Медиа форумда сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова түрк тилдүү мамлекеттердин өз ара байланышын жакшыртууда маданий кабарлардын да таасирин белгилеп өттү.

«Быйыл жайында болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жактан биригүүсүнө жакшы шарттарды түзүп берди. Мындай иш-чараларды уюштуруу мамлекеттер ортосундагы байланышты бекемдейт. Түрк тилдүү мамлекеттердин маданияты көп жагынан бир бирине окшош. Андыктан алаканы жакшыртууда элдердин руханий жагы да эске алынышы керек", – деген сунушун киргизди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин жана коомдорунун платформасы 2010-жылы түзүлгөн. Түрк тилдүү мамлекеттердин жана коомдорунун алгачкы медиа форуму Түркияда өткөн. Кыргызстан 2013-жылы IIIсүн өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0