12:30 19 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Өзбекстандын желегин көтөргөн адам, архивдик сүрөт

Өзбекстандын "илбериңки" тартышы же кыргыз-өзбек мамилелериндеги жылыш

© AP Photo / ANDY WONG
Аналитика
Кыскача шилтеме алуу
36620

Өзбекстандын коңшулаш мамлекеттер менен мамилесинде жакшы жылыштар байкалууда. Бул өлкөдө чынында эмне болуп жатканын жана мындан аркы божомолдоолор кандай экенин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Кыргызстан менен Өзбекстандын алты чек ара аймактарынын (ар тараптан үчтөн) ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду. Документке КР тараптан Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жана өзбек тараптан Анжиян, Фергана, Наманган облустарынын жетекчилери кол коюшту. Облус башчылары чек ара аймагында жашоочу калктын көйгөйлүү маселелерин талкуулоо үчүн ай сайын жолугушууларды өткөрүп туруу жөнүндө макулдашышты. Ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү максатында өзбек делегациясынын Кыргызстанга келиши пландалып жатат. 

Ушундан соң ЖМКларда эки тараптын ортосундагы жакшы жылыштар жөнүндө сөздөр пайда болуп, айрым эксперттер муну кыргыз-өзбек мамилелеринин илгерилеши деп аташты. 

Sputnik Кыргызстан жагдай чынында эле ушундай жүрөк кубанарлыкпы, эмне үчүн Өзбекстан кокустан эле жылуу маанайда баарлашып калганын аныктоону чечти.

Расмий абал кандай

КРдин чек ара маселелери боюнча вице-премьери Жеңиш Разаков Өзбекстан менен болгон мамилелер оңоло баштады деп белгилейт. 

Вице-премьер Кыргызстана Жениш Разаков на совещании по вопросу обеспечения общественного порядка и безопасности граждан в стране
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
КРдин чек ара маселелери боюнча вице-премьери Жеңиш Разаков

"Өзбекстан тарап Кыргызстан менен мамилелерди жөнгө салуу жаатында белгилүү бир аракеттерди көрө баштады. Ал бардык багыттарда кызматташууга даяр экенин билдирип жатат, бул жакшы жышаан. Муну биз туура кабыл алып, мындан ары да иштешкенге аракет кылмакчыбыз", — деди вице-премьер.

Анын пикиринде, буга карабастан азырынча чек ара маселелеринде кескин жылыштар болуп, тез аранын ичинде эле чечиле калат деп күтүүгө болбойт. 

"Мамлекет башчысы аныкталгандан кийин мамиле оңолор. Ошондо биз чек араларды кантип аныктап-белгилөө жана башка маселелер боюнча тил табыша аларбыз. Бирок дагы кайталайм, баары тез чечилип кетет деп күтүүнүн кереги жок, себеби бул маселе өтө катаал жана олуттуу. Баарын таразалашыбыз керек", — деди Разаков. 

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жалпы чек аранын узундугу 1 378 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 58 жериндеги 324 чакырымы талаштуу болуп эсептелет. 

Достук жана ынтымак 

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Өзбекстан менен мамилелердин өзгөрүшү өзбек тараптын ортодогу "музду эритип", көп жылдан бери топтолуп калган көйгөйлөрдү, анын ичинде чек ара маселелерин чечүүнү каалагандыгы менен байланыштуу дейт. 

Архивное фото политолога Бакыта Бакетаева
© Фото / предоставлено Бакытом Бакетаевым
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев

"Бул кубандырбай койбойт. Чынында эле 25 жыл бою Өзбекстан башкалардан обочолонуп, бардык мамилелерин чөлкөмдөгү абалга карата жеке көз караштарынын негизинде куруп келген. Өзбек тараптан болгон азыркы жылыштар көп жакшы өзгөрүүлөрдү алып келет. Бул аймактагы ынтымакка карай жалгыз туура кадам", — деди Бакетаев.

Ал Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан Өзбекстан менен жакшы мамилелердин түзүлүшүн кубанып гана кабыл аларын, бул өз кезегинде аймактагы коопсуздукту сактоодо зор көмөк болорун белгиледи. 

Баарынын жөнөкөй себеби бар

Саясат таануучу Денис Бердаков мындай өзбек тараптын мындай кадамы өлкө бийлигинин кошуналар менен чек ара меселелерин чечүүгө болгон далалаты менен байланыштуу дегенге макул эмес. 

Колумнист и политолог Денис Бердаков. Архивное фото
предоставлено Денисом Бердаковым
Саясат таануучу Денис Бердаков

"Мамилелерде жылуулуктун пайда болушуна башкы себеп – чыгыш кыраакылыгы жана соода жүргүзүү тилеги. Өзбекстанда калктын жашоо деңгээли анча жогору эмес. Ооба, Өзбекстанда мамлекет бай, бирок катардагы дыйкан эптеп эле күн көрүп келет. Ал эми чек ара аймагында сооданы кеңейтүү абалды бир топ жакшыртмак", — деди Бердаков.

Ал Кыргызстан менен Казакстан аркылуу Өзбекстан көп миллиондуу ЕАЭБ рыногуна чыга аларын кошумчалады. 

"Бул үчүн Өзбекстан аймакташ коңшулары менен ынтымакта жашашы керек. Эми бул багыттагы аракеттер улам күч ала бермекчи. Албетте, өзбек тараптын көп жылдык "жабык" саясатын жана анын салтка айланган сактыгын эске алганда, бул жылыш биз каалагандай тез боло койбойт", — деди эксперт. 

Экономика биринчи кезекте 

"Евразия дүйнөсү" коомдук фондунун (Казакстан) жетекчиси Эдуард Полетаев да Өзбекстандын кошуналар менен мамилелериндеги жакшы жылыштардын экономикалык себептери бар деп эсептейт.

"Казакстандын Өзбекстан менен чек ара маселелери жок. Бардык чек аралар демаркациялоо жана делимитациялоо процесстеринен өткөн. Айрым учурда гана чек арада кыйынчылыктар болуп калат, бирок дайыма эмес", — деди саясат таануучу.

Ал өзбек бийлиги мамилелерди оңдоо аракети өлкөнүн экономикасын жакшыртуу тилегине байланыштуу экени анык деп белгиледи. 

"Өзбекстан менен кызматташып жатканын жазган ишкерлерди мен соцтармактарынан көп көрө баштадым. Бул кубандырат, себеби мурда Өзбекстан казак тараптан инвестицияларды алууну анча каалачу эмес. Азыр абал өзгөрөт деген үмүттөмүн. Ал эми аймактагы лидерлик үчүн биздин өлкөлөр ортосунда атаандаштык бар деген айың кептерге мен ишенбейм", — деди эксперт.

Анын пикиринде, Өзбекстан тиги же бул аскердик же экономикалык топторго же биримдиктерге кошула койбойт, жөн гана өзүнүн мурдагы саясатын уланта берет. 

Кескин бурулуш белгиленүүдө 

Өзбекстан "дароо эле кучагын жая салбастыгына" Тажикстандын Саясатчылар улуттук ассоциациясынын төрагасы Абдугани Мамадазимов да макул. Анын пикиринде өзбек премьери жана, кыязы, Өзбекстандын болочок лидери коңшулаш өлкөлөр менен болгон мамилелерге бир аз жылыш алып келди. 

"25-сентябрда Тажик дипломаты күнү белгиленип, Тажикстанга Өзбекстандын ТИМ башчысы келип, кесиптеши менен сүйлөштү. Мунун мааниси чоң жана эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер оңолорунан үмүттөндүрөт. Алдыдагы кыш өзбек-тажик гана эмес, кыргыз-өзбек мамилелери үчүн да бурулуштуу мезгил болот деп ойлойм", — деди саясат таануучу.

Ал, мисалы, Кыргызстан менен чек аралардан айырмаланып, өзбек-тажик чек арасында миналар коюлганын, ал жакта да талаштуу жерлер бар экенин белгилейт. Кыязы, Өзбекстандын кошуналар менен мамилеси мындан ары да өрчүйт, бирок ал этият жана коомай жүрөт болуш керек деп эсептейт. 

"Жаңы өзбек лидери мурдатан Ислам Каримов баштаган саясатты улантат, демек, өлкө түрдүү биримдиктерге кошула койбойт. Андыктан кескин өзгөрүүлөрдү күтүп кереги жок. Бирок Борбор Азияда саясаттын жекелештирилген мүнөзүн эске алганда, мурунку мамилелер кантсе да өзгөрүп, мындан ары да оңоло берет деп айтууга болот", — деп болжойт эксперт.

Күч кызматкеринин көзү менен 

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук маселелери боюнча эксперт, атайын кызматтардын эс алуудагы полковниги Талант Разаков Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин оңолушу бийликтин башка адамдын колуна өтүшүнө жана Россия тарапка кандайдыр бир жүз багуучулукка байланышкан деп эсептейт. 

"Мында Путиндин келип кетиши чоң роль ойногону шексиз. Бирок Өзбекстан шайлоо алдында турганын жана бул жылыштын баары президенттик орунду ээлөөгө шайлоочулардын добушу үчүн күрөштүн бир бөлүгү болушу ыктымал экенин эстен чыгарбоо керек", — деди Разаков.

Ал Өзбекстанда 1,5 миллионго жакын кыргыздар жана көп сандагы тажиктер жашарын белгилейт. Дал ушул себептен электораттын бул бөлүгүн өзүнө тартуу да чоң мааниге ээ. Ошол эле учурда Өзбекстан "кучагын кенен ача койбойт", себеби коопсуздук маселесине өтө олуттуу карайт. Тажикстан менен Кыргызстан аркылуу баңги заттардын белгилүү бир агымдары өтүп турары баарына белгилүү, ал эми Афганистанда абалдын курчушу жана биздин өлкөлөрдө экстремисттердин күч алышы бул жагдайды дагы оорлотуп турат.

"Мурда чынында эле Ташкент менен иштеш өтө кыйын болчу. Албетте, өзбек күч кызматындагылар коркунучтарга каршы бирге күрөшкөн жеңил болорун түшүнөт, андыктан Өзбекстан бул жагынан биригүүгө тоскоол кылбайт деген ниеттемин. Биз аймакта тынчтыкты биргелешип гана сактай алабыз", — деди Разаков.

Өзбекстан жактан көз караш

Өзбек саясат таануучусу, колумнист Рафаил Саттаров Өзбекстанда чынында эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан кабарчысына айтып берди.

Анын сөзүнө караганда, президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеев чын эле өлкөдө, анын ичинде тышкы саясат жаатында да көп өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. 

"Ооба, мамилелерди жөнгө салыш үчүн кайсы бир кадамдар жасалышы керек, эки өлкөнүн мамилелери кандай абалда экенин эске алганда, коом кандайдыр бир жылыштарды көрүшү зарыл. Бирок буга өтө эле ашык маани берип, кубанычтан көкөлөп кетүүнүн кереги жок. Айтайын дегеним, өлкөлөрдүн ортосунда түпкүлүктүү көйгөйлөр болгон, бар жана кала берет. Буга чек ара, ГЭС куруу, улуттар аралык көйгөйлөр, анан калса, 2010-жылдагы окуялар да кирет", — деди Саттаров.

Анын айтымында, азыр Мирзиеёв өзүн Өзбекстандын калган саясатчыларынан, өлкөнүн мурунку жетекчисинен башкача экенин көрсөтүүгө, аймактагы абалды көзөмөлдөп турганын жана маселелерди чечүүдө өз көз карашы бар экенин далилдөөгө аргасыз. 

"Бирок маселелерди тез чечүүгө себептер менен шарттар жок. Биринчи кезекте буга узак убакыт бою КРдин ички көйгөйлөрүнө Өзбекстанды айыпкер кылууга аракет жасап келген кыргыз тарап даяр эмес", — деди эксперт. 

Ал баарын дароо өзгөртө коюу мүмкүн эмес, буга а түгүл Өзбекстандын ички саясий абалы да даяр эмес деп баса белгиледи. 

"Ошону менен катар мындай жакшы жылыштар шайлоо менен байланышкан деп айтууга болбойт. Бул экономикалык гана мүнөзгө ээ экени айкын. Муну чек ара аймактарындагы облустардын меморандуму да ырастап турат. Деги эле чек ара аймактарында сооданын өрчүшү келечекте башка байланыштарды да бекемдейт. Себеби Борбор Азияда товар жүгүртүү анча чоң эмес, болгону 7 миллиард долларды гана түзөт", — деди саясат таануучу.

Ал Тажикстанга Өзбекстандын ТИМ башчысы Камиловдун келишинен да чоң жышаан издөөнүн кереги жок деп эсептейт. 

"Ооба, бул багытта белгилүү бир жылыштар бар, бирок Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы чек ара анча бекем эместигин жана ал тараптан коркунучтар бар экенин эстен чыгарбоо керек. Антыктан Өзбекстан Тажикстандан коргонуп жатат деп айтууга болбойт — бул коопсуздук жагынан чоң маселе жана эки өлкөгө эле тиешелүү эмес", — деди эксперт.

Ал Өзбекстан мамилелерди жөнгө салуу жагынан алгачкы кадамдарды жасоо менен кошуналардан да ошондой эле аракеттерди күтүп жатканы өтө маанилүү деп баса белгиледи. 

"Кыймыл бир тараптуу болбойт. Бардык коңшу өлкөлөр да тил табышуу үчүн ийкемдүүрөөк болуп, чыныгы ынтымакташтык мамилелерди түзүүлөрү керек", — деди Саттаров.

Өзбекстан мамилелерди жакшыртууну канча каалабасын, эч бир биримдикке кошула койбойт деп эсептейт ал. 

Акыркы чырдашуубу? 

Августтун ортосунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кезектеги тирешүү болду. Жалал-Абад облусундагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан Өзбекстандын милиция кызматкери кармалган

Буга жооп кылып, коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары кыргыз-өзбек чек арасындагы макулдашыла элек Үнкүр-Тоо аймагына (КРдин ретранслятору турган жер) тик учак менен келип конуп, телемунаранын төрт кызматкерин кармап алышкан. Өзбекстандын койгон эки талабы — кармалган милиционерди коё берүү жана Орто-Токой суу сактагычынын тегерегиндеги күзөттөрдү алып салуу болгон. 

Милиция кызматкерине айып төлөтүп, 23-августта бошотушкан. Ал эми КРдин жарандары 9-сентябрда гана коё берилген. Андан бери Өзбектан менен чек арага байланышкан чыр-чатак боло элек. 

2-сентябрь күнү кечинде өзбек өкмөтү менен парламент өлкөнүн президенти Ислам Каримов 78 жашында каза болгонун билдирген. ӨзбекӨлкөдө үч күндүк аза жарыяланган. Каримовдун сөөгү Самарканддагы Шах-и-Зинда бейитинде мусулмандардын салты боюнча жерге берилди.

Президенттин милдетин убактылуу аткаруу премьер-министр Шавкат Мирзиеёвге жүктөлгөн. 

Тема боюнча

Каримов доорунан кийин кыргыз-өзбек алакасы боюнча алгачкы документке кол коюлду
Өзбекстан: кыргыз-өзбек чек арасындагы 23 талаш тилке иликтенди
Белгилер:
саясат, мамиле, Ислам Каримов, Өзбекстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ